Айдар Халиковду Кыргызстанга экстрадициялоо каралып жатканы кабарланды
- 2 года мурун
Ички иштер министрлиги башка мамлекеттердин укук коргоо органдары менен кызматташтыкты чыңдоо боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Дүйнөлүк Интерпол маалымат базалары менен интеграциялоо жана чет өлкөлөрдөгү өнөктөштөр менен координациялоо аркылуу кылмыштардын бети ачылып, издөөдө жүргөн жарандар изделип жатат.
Биргелешкен издөө иш-чараларынын натыйжасында Молдовада 1965-жылы туулган Х.Х. аттуу жаран кармалган. Ал Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган.
Шектүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган (кызматтык абалын пайдалануу менен жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) кылмыш жасады деп айыпталууда.
Ошентип, Х.Х. аттуу жаран мамлекеттик кызматкер болуп турган учурда, материалдык киреше алуу максатында алдамчылык жолу менен С.Д. аттуу жарандан чоң суммадагы акча каражатын тартып алып, анын материалдык зыянга учурашына себеп болгон. Мындан тышкары, Х.Х. бир катар ушундай эле кылмыштарды жасоого шектелүүдө.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан кармалган адамды экстрадициялоо маселеси каралууда.




