Аида Исатбек кызы: «Мэриянын кызматкерлерин чак түштө автобуска отургузуп көрөлү»

  • 4 месяца мурун

Коомдук транспорттордо кондиционерлердин жоктугунан эс учун жоготкондордун саны өсүп жатат. Бул тууралуу депутат Аида Исатбек кызы бүгүн, 27-июнда парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ага эки күндөн бери бул маселе боюнча шаар тургундары кайрылууда. Исатбек кызы мэрия тарабынан алынып келинген автобустарда кондиционерлердин жоктугун сынга алды.

“Автобустарды алып жатканда техникалык тапшырма түзгөн адамдарды мэриянын кызматкерлери менен биргеликте чак түштө, күн ысыкта автобуска алып барып отургузуп көрөлү. Биздин карапайым эл кандай кыйналып атканын сиздер да көрүңүздөр”,-деди Аида Исатбек кызы.

Депутат Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге жана вице-мэрге кайрылып, жаңы автобустарды сатып алууда техникалык тапшырмага кондиционерлерди жазууну жана учурда иштеп жаткан автобустарга кондиционерлерди орнотууну сунуштады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты