Африканын айрым өлкөлөрүндө маймыл чечеги жайылып жаткандыгы чындык (Фактчекинг)
- 1 месяц мурун
- Фактчекинг
Фейсбук социалдык тармагында, Бекжан Асанбеков аттуу “Фейсбук” колдонуучусу Африкада жаңы вирус-мутант тарап жаткандыгы тууралуу пост жазып, Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус тартылган видео менен бөлүшкөн.
Ал өзүнүн постунда, “Коронавирустан эми кутулдук эле. Жаңы вирус-мутант пайда болду. ВОЗ официалдуу түрдө жаңы эпидемияны жарыялады. Жаңы вирус-мутант Конгодо (Африка) пайда болду. Бир жумада 15000 адам жугузган жана 461 адам каза болгон” деп жазган.
“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.
Вирус Африканын айрым аймактарында катталып жаткандыгы чындык
Аталган вирус (“маймыл чечеги” вирусу) тууралуу Африканын бир катар маалымат булактары жазып чыккан. Мисалы, Maroelamedia аталышындагы маалымат порталы, Африка Биримдигинин Саламаттыкты сактоо кызматы жайылып жаткан чечек вирусуна байланыштуу коомдук саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаал жарыялап, буга шашылыш чара көрүш керек экендинин жазган.
Африканын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун башчысы Жан Касея: “Биз, жайылып жаткан чечек вирусуна байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялайбыз. Ал чек араларды кечип өтүп, биздин континентте миңдеген адамдарга терс таасирин тийгизип, канчалаган үй-бүлөлөрдү ажыратып жатат. Биз коркунучту алдын алуу жана андан арылуу аракетибизде активдүү жана агрессивдүү болушубуз керек”, — деп билдирген.
Аталган оору бир нече Африка өлкөлөрүндө, өзгөчө Конго Республикасында күч алган. Ошондой эле, коңшулаш Руанда менен Угандада, Кенияда катталган. Ооруну 2022-жылы “маймыл чечек” деп аташкан. Борбордун маалыматына ылайык, 2022-жылдын январь айынан бери жалпысынан 28 465 маймыл чечек оорусу катталып, 1456 адам каза болгон.
Оорунун белгилери жана симптомдору
Аталган вирус — Orthopox вирусунун тукумуна кирген маймыл чечеги вирусунан келип чыккан оору. Анын кесепетинен адамдын дене табы көтөрүлүп, баш ооруп, булчуңдары жана бели ооруп, денеге чоң ыйлаакчалар пайда болуп, алсыздык жана лимфа түйүндөрүнүн шишип кетиши менен коштолот.
Адамдар маймыл чечекти — вирус менен жабыркап калган адам аркылуу, булганган объекттер же жаныбарлар менен физикалык байланыш аркылуу жуктуруп алышы мүмкүн.
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун вирус тууралуу эмне дейт?
Маймыл чечеги Конго Республикасында он жылдан ашык убакыттан бери катталып келет жана жыл сайын ушул мезгилде жабыркагандардын саны өсөт. Статистикага таянсак, быйыл былтыр катталгандардын санынан ашып, 14 000ден ашуун адам жабыркап, 524 адам каза болду. Бул баарыбызды тынчсыздандырат деп билдирген ДСУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюс.
“Африкадагы маймыл чечегинин эпидемиясы баарыбызды тынчсыздандырат. Вирустун тез жайылышы, анын кошуна өлкөлөрдөн табылышы бизди абдан тынчсыздандырат. Бул эпидемияны токтотуп, адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн кординациялык эл аралык деңгээлде күрөшүү маанилүү. Учурда ДСУнун вирус тараган жердеги аймактык кеңселери, ошондой эле Африка CDC, бейөкмөт уюмдар, жарандык коом жана башка өнөктөштөр аркылуу жабыр тарткан өлкөлөр менен тыгыз иш алып барып жатышат. Ошондой эле, жабыркаган өлкөлөрдүн вакциналарга жетүүсүнө жана аларды жайылтуу боюнча стратегияларды иштеп чыгууга колдоо көрсөтүп жатабыз”, — деп билдирген ДСУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюс.
Андан сырткары, ДСУ алдыдагы күндөрдө глобалдык реакцияны координациялоого, жабыр тарткан өлкөлөрдүн ар бири менен тыгыз иш алып барууга, жуктуруп алуунун алдын алууга, жабыркаган жарандарды дарылоого жана адамдардын өмүрүн сактап калууга милдеттенет.
Жыйынтык: Маймыл чечеги (оспы обезьян) вирусунун Африка өлкөлөрүндө жайылып жаткандыгы чындык. Өзгөчө Конго Республикасында күч алган. Ага байланыштуу, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланган.