“Африка калкынын 6%ы гана эмделгенине карабастан коронавирус дээрлик жок” деген маалымат чындыкка дал келбейт 

  • 3 года мурун

28-ноябрь күнү Uncut-News маалымат сайтында “Африка элинин 6%ы гана коронавируска каршы эмдөө алганына карабастан, бул жерде коронавирус жоголду” деген маалымат жарыяланган. Анда, Африканын Зимбабве сыяктуу жакыр аймактарында калк беткап тагынбай, эмдөө албаганына карабастан пандемия жоголгону жана бул окумуштууларды таң калтырып жатканы айтылат. 

“Африка калкынын 6%ы гана эмделгенине карабастан коронавирус дээрлик жок” деген маалымат чындыкка дал келбейт 

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

11-ноябрь күнү Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Африка калкынын 6,6%ы гана эмдөөдөн өткөнүн билдиришкен.  ДССУнун Африка боюнча аймактык директору доктор Матшидисо Моети Африка калкы коллективдүү иммунитетке жете электигин жана бул коркунучтуу экенин билдирген:

«Африкада COVID-19 эмдөө кампаниясы башталгандан тогуз ай өтсө да, биз эң аялуу катмарыбызды коргошубуз керек болгон жерден дагы эле алыспыз. Бул кооптуу жагдай, ошондуктан жапырт эмдөөнү улантышыбыз керек»,-  деп билдирген Моети.

Башкача айтканда, Африка калкынын 6,6%ы гана эмделгени чындык. Ал эми азыркы учурда Кытай сыяктуу бир канча мамлекеттер Африкага коронавируска каршы вакцинаны “Covax” долбоорунун алкагында бекер жеткирүүнү көздөп жатышат. 

Коронавирус жана Африкадагы абал 

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Африка өлкөлөрүндө 8,5 миллиондон ашык адам ооруса, 220 миңге жакыны каза тапкан. 

“Африка калкынын 6%ы гана эмделгенине карабастан коронавирус дээрлик жок” деген маалымат чындыкка дал келбейт 

Бириккен Улуттар Уюму Африка өлкөлөрүндө коронавирустун тез темп менен жайылышына, жакырчылык, социалдык аралыкты сактабоо жана колду жуу менен байланышкан себептери бар экенин билдиришкен. Өзгөчө, 2021-жылы август айында, Африка өлкөлөрүндө коронавирустан каза болгондордун саны рекорддук чекке жеткен. 

Мындан сырткары, 11-ноябрда Ботсванада, андан бир аз кийин Түштүк Африкада жана Гонконгдо B.1.1.529 коду астында жаңы Covid-19дун штаммы табылды. Штамм «омикрон» деп аталып, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму анын коркунучун буга чейин тааныган. Окумуштуулар коронавирустун бул түрүнүн жугузуу ылдамдыгы өтө жогору деп эсептешет. Ошондой эле алар жаңы штамм ооруп, эмдөө алгандардын антителолоруна туруштук бериши мүмкүн экенин, бирок  тыянак чыгарууга али эрте деп билдиришти. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюму бул бүткүл дүйнөгө коркунуч туудуруучу жагдай экенин белгилешти.

Башкача айтканда, Африкада коронавирус илдети кайра күчөп жатат. 

Жыйынтык: Африка калкынын 6,6%ы эмделгенине карабастан, коронавирус жоголду деген маалымат чындыкка дал келбейт. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты