АЭС куруу боюнча акыркы коомдук талкуу Астанада өтөт

  • 4 недели мурун

Казакстанда АЭС куруу боюнча акыркы коомдук талкуу 20-августта Астанада өтөт. Бул тууралуу шаардык кеңештин билдирүүсүндө жазылган.

Расмий маалыматтарга ылайык, буга чейин мындай талкуулар өлкөнүн 19 аймагында өткөн.

Бийлик АЭС куруу зарылчылыгын энерготартыштыктан улам электр энергиясын Орусиядан сатып алууга аргасыз болуп жатканы, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү чараларынын алкагында парник газдарынын бөлүнүп чыгуусун азайтуу зарылдыгы менен түшүндүрүүдө.

АЭС Балхаш көлүнүн жээгиндеги Алматы облусунун Үлкен айылынын четине курулары айтылып келет. Маалыматтарга ылайык, ал ар биринин кубаттуулугу 1200-1400 МВт түзгөн эки реактордон турат.

Бийлик реакторлорду жеткирүүчүлөрдүн тизмесинде орусиялык, франциялык, кытайлык жана түштүк кореялык өндүрүүчүлөр бар экенин билдирген.

АЭС курулушунун каршылаштары бул долбоорду ишке ашыруу үчүн ири өлчөмдө каражат керек экенин айтып, Казакстанда адистер менен ресурстар жок болгондуктан, өлкө технологиялык компанияларга көз каранды болуп калышы мүмкүн экенин белгилеп жатышат. Ошондой эле алар АЭСти сейсмикалык жактан кооптуу аймакта жайгашкан жана акыркы кездери суусу тартылып жаткан Балхаш көлүнө жакын жерге курууга каршы болууда. Алардын айтымында, бул маселе боюнча коомдуу талкуулар бир тараптуу өтүүдө.

Өз кезегинде АЭС курулушун колдогон тарап бул Казакстанды алдыңкы технологияларды колдонгон өлкөлөрдүн катарына кошуп, энергетикалык көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берерин билдирип жатышат.

Азырынча долбоордун так сметасы жок. Бийлик бул маселе боюнча өтө турган референдумдан кийин смета жарыялана турганын билдирген.

Президент Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, АЭС куруу боюнча жалпы элдик добуш берүү күзүндө өтөт. Азырынча анын датасы жана жарандарга бериле турган суроолордун кандай болору жөнүндө так маалымат жок.

Коомдук талкуу өткөрүү — референдумдун алдындагы зарыл этаптардын бири. Анда айтылган маалыматтарга ылайык, АЭС сегиз жылда курулуп, ага 12 миллиард долларга жакын каражат сарпталат. Казакстан бул сумманын негизги бөлүгүн сырттан алууну пландап жатат.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты