Адылбек Касымалиев УКМК кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
- 6 месяцев мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Куттуктоосунда ал улуттук коопсуздук органдары өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн камсыздоодо маанилүү роль ойноорун белгилеп, кызматкерлердин жогорку кесипкөйлүгүн жана мекенчилдигин баса белгиледи.
Ошондой эле коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү жетишкендиктер, кадрларды даярдоодогу УКМКнын Академиясынын ролу белгиленди. Кызматкерлердин материалдык-техникалык базасы жана социалдык корголуусу жакшыртылганы айтылды.
Жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматкерлерге ак ниет кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөдө туруктуулукту жана тынчтыкты камсыздоого кошкон салымын жогору баалады.




