Адылбек Касымалиев: Прокуратура Президенттин чоң жардамчысы болууга тийиш

  • 4 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында Нарын облустук прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Ал өз сөзүндө 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында ири долбоорлор ишке ашарын белгилеп, мындай шартта коррупцияга жол бербөө жана калыс иш алып барууда прокуратура органдарынын ролу өзгөчө маанилүү экенин айтты.

“Президентибиз кыялыбыздагы жаңы Кыргызстанды курабыз деп жатат. Мындай учурда биз баарыбыз өзгөрүшүбүз керек! Айрыкча  мамлекеттен айлык алган мугалимден тартып Прокурорлорго чейин – баары өзгөрүшү керек”-деди ал. 

Ошондой эле мамлекет прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого көңүл буруп жатканын белгилеп, Нарын облустук прокуратурасынын жаңы имаратына республикалык бюджеттен 85,5 млн сом бөлүнгөнүн билдирди. Иш сапардын алкагында МинКаб башчысы Нарын райондук прокуратурасынын жаңы имаратын да ачты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты