Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды
- 2 года мурун
Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Касымалиев Адылбек Алешович министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.
Муну бөлүшүү