Адылбек Касымалиев кыргыз-британ инвестициялык форумун өткөрүүнү сунуштады 

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Улуу Британияга болгон жумушчу сапарынын алкагында БУУ жана Шериктештиктин Түштүк жана Борбор Азия маселеси боюнча мамлекеттик министри, лорд Тарик Ахмад менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эки өлкө ортосундагы 30 жылдык кызматташтыктын жыйынтыгын чыгарып, саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда мамилени мындан ары өнүктүрүүнү белгилешти.

Жолугушууда эки тараптуу мамилелерде, өзгөчө соода-экономикалык чөйрөдө ишке ашырыла элек чоң мүмкүнчүлүктөр бар экени айтылды.

Адылбек Касымалиев айыл чарбасы, жеңил өнөр жайы, энергиянын кайра жаралуучу булактары, «жашыл», санариптик жана креативдүү экономика сыяктуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын белгиледи. Андан тышкары Кыргызстандан Улуу Британияга ичүүчү сууну экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө токтолду.

Ошондой эле ал тоо туризми жаатында биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Касымалиев экономикалык кызматташууну активдештирүүнүн алкагында кыргыз тарап иш-чаранын жүрүшүндө бири-бирине өз ара пайдалуу долбоорлорду сунуш кыла ала турган эки өлкө ишкерлеринин катышуусунда кыргыз-британ инвестициялык форумун өткөрүүнү сунуштады.

Лорд Тарик Ахмад сунуштарды карап чыгууга жана ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө Британия тараптын даяр экенин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты