Адылбек Касымалиев КУУнун 100 жылдык мааракесине катышты
- 7 месяцев мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чарада ал университеттин көргөзмөсү менен таанышып, юбилейге арналган фильм жана театралдаштырылган көрсөтүүнү көрдү.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Адылбек Касымалиев Президент Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин атынан университеттин профессордук-окутуучулук курамын, студенттерин жана бүтүрүүчүлөрүн маараке менен куттуктап, бул окуу жайдын өлкө билим берүү жана илим тармагындагы тарыхый ролун белгиледи.
Ал ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун Указы менен Кыргыз улуттук университети билим берүү жана илимдин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Манас” орденинин III даражасы менен сыйланганын билдирди. Орден ректор Догдурбек Чонтоевге тапшырылды.




