Адылбек Касымалиев аскерлерди Куралдуу Күчтөр күнү менен куттуктады

  • 3 недели мурун

Бишкек шаарында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн 34 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Ага Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, аскер кызматкерлерин жана ардагерлерди куттуктады.

Ал өз сөзүндө улуттук армия мамлекеттин коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн камсыздоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

Ошондой эле Куралдуу Күчтөрдү модернизациялоо, аскер кызматкерлеринин социалдык шарттарын жакшыртуу жана жаштар арасында аскердик кызматтын кадыр-баркы өсүп жатканы айтылды.

Иш-чарада Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн тышкы саясатты карманып, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүп жатканы да белгиленди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты