Адвокат Мадумаров мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип жатканын билдирди
- 11 месяцев мурун
«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип жатканын адвокат Гуляна Убалиева билдирди.
Анын айтымында, бул иш 2009-жылы Мадумаров кол койгон кыргыз-тажик чек арасын боюнча протоколго байланыштуу. Ушул тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Мадумаровдун бөгөт чарасы каралып жатат.
Мадумаровду 2-сентябрдын таңында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткени белгилүү болгон.
Муну бөлүшүү