Адам уурдоого шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

  • 3 года мурун

Жалал-Абад облусунда адам уурдоого шектелген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.

Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.   

2021-жылдын 20-сентябрында саат  02:15 чамасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына Сузак районунун 60 жаштагы тургуну С.М. өзүнүн телефону аркылуу чалып, анда 2021-жылдын 20-сентябрь күнү саат 02:00 чамасында  үйүнөн, баласы 1983-ж.т. С.Д.ны белгисиз адамдар “Мерседес” үлгүсүндөгү автоунаасына күч менен салып  кетишкендигин кабарлаган.

Аталган факты боюнча материал ОИИБдин кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  катталып, жазык кодексинин 170-беренесинин (кишиуурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кылмышка шектүү катары ИИМде  уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, Сузак районунун тургуну, 1995-ж.т. М.Б.М. кармалган.

Өндүрүш иштин алкагында жазык-процессуалдык кодексинин  98-беренесинин негизинде 48 саатка кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бүгүн, 6-ноябрда,  Жалал-Абад шаардык сотунда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты