Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү

  • 2 года мурун

Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө күн тартибине тийиштүү маалымат угулду, анын ичинде 2022-жылдын күз айларында Женева шаарында (Швейцария Конфедерациясы) сунуштала турган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын ченемдерин аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Үчүнчү мезгилдүү баяндамасын даярдоо маселеси жана адам укуктары боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо маселелери угулду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин төрагасы Эдил Байсалов материалдарды тыкыр даярдоо зарылдыгын белгиледи. 

«Баяндаманын негизги бөлүгүн деталдуу иштеп чыгуу керек. Кээде биздин жоопторубуздун мазмуну укук коргоо органдарынын жообу болуп калат. Координациялык кеңеш катары биз республиканын макулдашылган позициясын иштеп чыгышыбыз керек», — деп жыйынтыктады Эдил Байсалов.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты