Адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн жаран Оштун аэропортунан кармалды

  • 3 месяца мурун

Адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн жаран Оштун аэропортунан кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 26-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аэропортунан Орусиядан учуп келген учурда Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Дж.М. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал дээрдик 14-жыл Россиянын аймагында, ар кайсы шаарларында жашаган жерин өзгөртүп, жашырынып жүргөн.

«Шектүү Дж.М. 2010-жылдагы Оштогу июнь окуяларында, 2010-жылы 13-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун 1953-жылы туулган тургунун кылмыштуу шериктери( кылмыштуу шериктери кармалышкан) менен кармап алып, Ак-Буура дарыясынын жээгине алып барышкан. Ал жерде шектүү Дж.М. бир нече ирет алып келген жаранды бычактап, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүп, жансыз денени Ак-Буура дарыясына ыргытып жиберген. Маркумдун жансыз денеси 2010-жылы 19-июнда Өзбекстан Республикасынын Анжиян облусунун Ходжабад районунун аймагынан табылган. Абал турукташып, кылмышка шектүүлөр аныктала баштаган учурда изин жашырып кеткен», — деп жазылат маалыматта.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Адам өлтүрүү фактысы боюнча тергөө-иликтөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты