Адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн Казакстандын жараны кармалды

  • 12 месяцев мурун

Адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жакында Бишкек шаарынын аймагындагы ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жеке менчик мейманканалардын биринен коңшу мамлекеттин жараны 1992-жылы туулган А.Б. кармалган. Ал Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 99-беренеси “Адамдардын тобу тарабынан жасалган адам өлтүрүү” боюнча издөөдө жүргөн.

«Ал оор кылмышты жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Бишкек шаарынын аймагына жашырынып жүргөн. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына казакстандык кесиптештери тергөө органдарынан жашырынып жүргөн адамды издөөгө жана кармоого көмөк көрсөтүү боюнча өтүнүч менен кайрылышкан.

Жаран Кыргызстандын аймагында жашынып жүрүшү мүмкүн деген маалымат келип түшкөн. Ал белгилүү клубдун жыйырма сегиз жаштагы фитнес-машыктыруучусун өлтүрүүгө шектелүүдө. Жаран 17-июлга караган түнү Алматы шаарында аны атып өлтүргөн. Андан соң Наурызбай райондук ички иштер бөлүмү 31 жаштагы жаранга издөө салып, Алматы шаарынын адистештирилген райондор аралык тергөө соту ага карата сыртынан камакка алууга чечим чыгарган», — деп жазылат маалыматта.

Ал буга чейин оор кылмыш жасагандыгы үчүн жоопко тартылган.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жогорудагы жаранды тез эле кармашкан. Учурда Казакстандын жараны камакка алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты