Адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран Кыргызстанда кармалды

  • 2 года мурун

Адам өлтүрүүгө жана карактоого шектелип издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран Кыргызстанда кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан билдиришкендей, кармалган жаран Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин «Сот белгилеген жазадан качуу», «Каракчылык» жана «Адам өлтүрүү» беренелери боюнча айыпталып, 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн. Өзбекстандын ички иштер органдары шектүүнү кармоого көмөктөшүү өтүнүчү менен Кыргызстандын ИИМине кайрылган.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, анын натыйдасында шектүү кармалып, учурда мекенине экстрадициялоо маселеси каралып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты