Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотто каралат

  • 11 месяцев мурун

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди. Бүгүн, 2-сентябрда анын бөгөт чарасы каралат.

Мадумаров эмне себептен кармалганын сураган журналисттерге кыска жооп берип, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы боюнча кол коюлган протоколго байланыштуу экенин айтты.

Баягы эле жомок, Баткен боюнча», — деп жооп берди ал.

Адахан Мадумаровду 2-сентябрдын таңында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткени белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты