Адахан Мадумаров:  “Ой жүгүртүүгө, сөз айтууга тыюу салуу маңкурттукка алып келет”

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун  Temirov LIVE  жана “Айт айт десе” долбоорлорунда иштеген жана мурда иштеп кеткен журналисттердин Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан чыгарылган өкүмүнө жүрөгү ооруганын, өкүнгөнүн айтып, буга чейинки бир да бийлик сөз эркиндигине мындай катуу сокку урбаганын билдирди.    

“Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Temirov LIVE долбоорунун 11 журналистинин үстүнөн чыгарган өкүмүн угуп катуу жийиркендим, жүрөгүм ооруду, өкүндүм. Биз кандай элге айландык? Кайсы доорго түшүп калдык? Кыргыз тарыхында качан айткан сөзүң үчүн абакка отургузулуп, өз көз карашың, ишенимиң үчүн жазаланган элек? Качан биздин төкмө акындардын тили кесилген эле? Качан эле акындар сөзүн айтаарда эки жакты карап, жалтаңдап калган күнгө жеткенбиз? Кай заманда ушундай оор сыноолорду башыбыздан өткөргөн элек?

Биздин ата-бабаларыбыз “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген улуу накылды бекеринен калтырган эмес. Адам төрөлгөндө эле өзүнүн оюн айтууга Жараткандан укук алат. Бул укук мыйзам менен да, бийлик менен да берилбейт. Ал адам менен кошо төрөлөт. Адамдын тили, ою, көз карашы бар болгону үчүн — адам. Эгер бул укуктарды адамдан тартып алсак, анын айбандан айырмасы эмне?” деп жазды Адахан Мадумаров социалдык түйүндөргө.

Мадумаров кайрылууда акыркы эки жылда Кыргызстанда ой эркиндигине, сөз эркиндигине кысымдар күчөгөнүн белгиледи:          

“Акыркы эки жылда Кыргызстанда ой эркиндигине, сөз эркиндигине болгон кысымдар күндөн-күнгө күчөп, чындыктан корккон бийлик ооз ачкандарды темир торго камап, элди жапырт коркутуу жолуна түштү. Бул эмне деген бийлик, эмне деген жапайычылык? Бул эмне деген зулумдук?

Ой жүгүртүүгө, сөз айтууга тыюу салуу — элди маңкурттукка алып келет. Бул улуттук өзгөчөлүгүбүздү, маданиятыбызды, тилибизди жок кылууга алып баруучу коркунучтуу жол! Кыргызстан — тилибиз, Манасыбыз, эпосубуз, дастандарыбыз менен даңкталып келген элбиз. Элибиз канчалык оор күндөрдү башынан кечирсе да, сөз эркиндигинен ажырабаган. Бир да бийлик буга чейин сөз эркиндигине мындай катуу сокку урган эмес” деди Адахн Мадумаров.

Ошондой эле ал Махабат Тажибек кызы менен Болот Темировдун баласы тууралуу айтты:  

“Дагы бир жүрөктү ооруткан нерсе — жаш баланы энесинен ажыратуу. Бул эмне деген шумдук? Ата-энеси тирүү туруп, баланы балдар үйүнө берүү кандай кордук? Ушундай жапайы жоруктарга жеткенибизге ким күнөлүү? Кыргыз адам баласын эмес айбандардын-куштардын балдарын да энесинен ажыраткан эмес го. Айланайын эл азаматтары! Кыргыз эл баатырлары, акындары, жазуучулары! Силер кайдасыңар? Энени баладан, баланы энеден ажыратып, чындыктын үнүн басып жатышса эмнеге унчукпайсыңар? Ушундай зулумдукту көрүп туруп өз оюн айта албаган кайдыгер ,мага эле болсо болду деп четтен карап сыйлык күткөн, майрам күндөрү дасторкондон үмүт эткен, кандай устукан тиет экен деп күткөн жалган баатыр карыялардан не пайда? Каарман, акылман деп эсептелген аксакалдарыбыз кайда? Кылым карыткан каада-салты бар, улуттук наркы бар улуу элбиз деген кыргыз ушундай болуп майдаланып аска-зоо эмес көзгө илинбеген кумга айланып жок болуп кетебизби? Келечегибиз бүдөмүк..” деди “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров.

10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен 11 журналисттин иши боюнча соттук отурумда чечим чыгарылды.   

Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылды. Калган журналисттер — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталды.  

Адвокат Улан Сейитбеков Махабат Тажыбек кызына чыккан өкүмдөн кийин соттон анын баласы эмне болору тууралуу тактаганын айтты.   

-Махабат Тажыбек кызынын баласы боюнча, өкүмдү окуп бүткөндөн кийин соттон тактадым, ал айтты, атасы чет өлкөдө, апасы камакта болуп жатат, мыйзам боюнча карай турган адам, жакын туугандары жок болсо, анда балдар үйүнө өткөрүп берет. Бирок туугандары бар. Сот  өкүмү күчүнө киргенден кийин, туугандарына берилет да, -деди адвокат. 

“Бала укугу боюнча юристтер менен кеңешип көрдүм. Коркунуч бар экен. Эгер шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырса, анда социалдык камсыздоо кызматы баланы кимге калтырууну чечет. Балдар үйлөрү азыр жок, бирок фостердик үй-бүлөгө берип салышы мүмкүн. Чынында, соттун бул чечими менен балабызды тартып алганы жатышат” деди Темиров.

Махабат Тажыбек кызы — иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы. Болот Темиров Temirov Live жана «Айт-айт десе» долбоорлорунун негиздөөчүсү, 2022-жылы 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунун чечими менен өлкөдөн чыгарылган.

Сүрөттө: Адахан Мадумаров. kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты