Адахан Мадумаров: «Депутаттын кабинетин ачууга эч кимдин укугу жок»

  • 2 года мурун

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров депутат Өмүрбек Бакировдун кызматтык бөлмөсү алмашкан окуядан улам президенттин иш башкармалыгына байланыштуу маселе көтөрдү.

«Депутат Өмүрбек Бакиров элдин добуш менен келген эл өкүлү. Анын макамына ылайык кесиптешибиздин кабинетине кирип тинтүү эмес, кабинетин ачууга эч кимдин укугу жок. Урматтуу кесиптештер, мага тийбесе эле болду калганы эмне болсун дегендин жыйынтыгы ушуга келди. Конституция, мыйзамдар тебеленип жатат. Биз кесиптешибиздин кадыр-баркын коргой албай турган болсок, шайлоочулардын укугун кантип коргойбуз», — деди Адахан Мадумаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты