“Адахан Мадумаров Баткенге жардам берели, мектеп куралы деген долбоорго жалгыз каршы чыкты” деген маалымат манипуляция

26-апрель күнү Фейсбуктагы “Антирейтинг” баракчасында “Баткенге жардам берели, мектеп куралы деген долбоорго жалгыз  Адахан Мадумаров каршы чыкты” деген маалымат жарыяланган. Бул тууралуу депутат Улан Бакасов Жогорку Кеӊештин жыйынында айтканы белгиленген. 

“Адахан Мадумаров Баткенге жардам берели, мектеп куралы деген долбоорго жалгыз  каршы чыкты” деген маалымат манипуляция

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Дүйнөлүк банк бөлгөн 50 миллион доллар 

Кыргыз Өкмөтү 2022-жылы январь айында Дүйнөлүк банк менен “Аймактарды экономикалык өнүктүрүү-2” долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген. Долбоор  Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, жалпы жонунан 50 миллион доллар бөлүнө турганы айтылган.

Аталган каражат Баткен облусу боюнча муниципалдык инфраструктураны жакшыртуу, азык-түлүк кластерлерин бекемдөө, жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү жана өзгөчө кырдаалдар учурунда коопсуздукту камсыздоо тармактарына жумшала турганы белгиленген.

11-апрель күнү Жогорку Кеӊештин жыйынында депутаттар Дүйнөлүк банк менен болгон макулдашуунун шарттарын талкуулашкан. Экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган каражат жөнүндө маалымат берген.

“Өнүктүрүү программасынын негизги максаты Баткен облусун чыңдоо аркылуу, Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн сактоо болуп саналат. Проект боюнча Дүйнөлүк Банк 50 миллион доллар бөлүп жатат. Каражаттын жарымы грант түрүндө берилсе, калган жарымы 0,75% менен 38 жылдык мөөнөт менен 6 жылдык жеңилдетилген насыя болуп саналат.” — деп билдирген Чоро Сейитов.

Ал кошумчалагандай, экинчи региондук экономиканы өнүктүрүү долбоору коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан 2027-жылга чейин алты жылда ишке ашырылат.

Талкуунун жүрүшүндө Жогоку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров эмне себептен долбоорду мамлекеттик ишканалар эмес АРИС алып жатканына кызыккан. 

“Келишимди абдан кылдат окуп чыгып, абайлашыбыз керек. Негизинен бюджет жасай турган иштин баарын АРИСке тапшырып жатыпсыңар. Ага АРИСтин кандай тиешеси бар? Долбоор жакшы маселе жок. Эми ушул долбоорду Баткен облустук администрациясына тапшырсак эмне болот? Алар эмне иш кылат плов жейби? Же барып лента кыркабы?”, — деп айткан. 

Ошондой эле Мадумаров Дүйнөлүк банк бөлүп жаткан каражатты Өкмөт көзөмөлгө алып, долбоорду АРИСке берүүнү четке кагууну сунуштаган.

“Долбоор абдан керектүү. Сөзсүз түрдө керектүү. Бирок аткаруучу Кыргыз Өкмөтү жана жергиликтүү башкаруу органдары болушу керек. Келишимден баш тартпашыбыз керек. Аткаруу жагын жана механизмдерин карап чыгуу зарыл.”- деп билдирген. 

Башкача айтканда Адахан Мадумаров долбоорго эмес, АРИСтин бул программаны ашырышына каршы болгон. 

Адахан Мадумаров vs Улан Бакасов 

Кийинчерээк, 18-апрелде Дүйнөлүк банк тарабынан берилип жаткан каражаттын Баткен облусуна жумшалышы боюнча маселе Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында кайра каралган. 

Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров долбоорду АРИСтин алып жатканына кайра каршы болгон. Кээ бир депутаттар долбоор кайра иштелип чыгышы керек экенин айтышса, депутат Улан Бакасов АРИСтен башка органдарда бул проектти алуу мүмкүнчүлүгү болгон орган жок экенин айтып, Адахан Мадумаровго кайрылган. 

“Бул проект керек экен. Көп мектеп, бала-бакчалар курулат экен. Ошол себептен колдойбуз. Адахан Кимсанбаевич биз сизди жашыңызды карап сыйлап жатабыз, көп сөз айтпай. Бирок сиз бизге абдан көп сын-пикир айтып жатасыз. Биз эч кимдин ээрчимеси эмеспиз, ар кимдин өзүнүн ою бар. Өткөндө биз бул маселеге АРИС үчүн эле каршы болгонбуз. Бирок, сураштырып келсек АРИСтен башкалар бул проектти кыла албайт экен. Ошондуктан бизге акыл үйрөткөндү токтотуңуз!”, — деп айткан.

Интернет тармагында депутат Улан Бакасовдун видеосу “Депутат Бакасов кагазды карап Мадумаровду урушту” деген ат менен тарап кеткен. 

Бул боюнча Улан Бакасов кайра 25-апрелде түшүндүрмө берип, кагазды карап окубаганын жана Адахан Мадумаров гана бул долбоорго каршы болуп жатканын билдирген. 

“Орозо айында өзүм кудай деген жигитмин, кагазды карап окуган жокмун. Буга Алла Таалам күбө. Депутаттар карап окудумбу?!”-деп сураган.

Андан кийин, ал Адахан Мадумаров менен болгон пикир келишпестиктин себебин түшүндүргөн. 

“Мен жамандык көрдүм. Колум менен токтото албадым. Биз маданияттуубуз, тилим менен токтоттум. Өткөн жумада Баткен элине 50 миллион доллар, 25 миллион доллар кредит 25 миллион доллар грант бөлүнмөк. Бардык депутаттар колдодук. Бир гана АРИСтин аткарылышына каршы чыктык. АРИСтен башка эч ким аткара албай турганына көзүбүз жеткенден кийин, колдоп бердик. Бир гана бул жерден Адахан Кимсанбаевич каршы болду. Бул проект менен Баткен жерине бала бакча, мектеп жана социалдык обьекттер курулмак. Бирок Адахан Мадумаров өзү каршы болгону аз келгенсип, бизди үгүттөгөндүктөн ушундай пикир келишпестик болду”,- деп билдирген. 

Мындан сырткары ал Адахан Мадумаров тууралуу ушунча убакыт жаңылып жүргөнүн кошумчалаган. 

“Ушул жерде шайланып келген 90 депутаттын 89у коомго аз да болсо пайдабыз тийсин деп жатабыз. Шайлоочулардын ишеничин актайлы деп чуркап жүрөбүз. Бир гана Адахан Мадумаровдон көрдүм андай кылбаганын. Жогорку Кеңешке келгенге чейин Адахан Мадумаровду таанычу эмесмин. Жогорку Кеңешке келгенге чейин Мадумаровду калыс, патриот адам деп ойлочумун. Бирок аны көрө алган жокмун. Эгер калыс болсоңуз өткөндө тарапташтарыңыз “кагаздан окуду” дегенде “жок окуган жок” деп айтпайт белеңиз.”, — деген. 

Мындан сырткары депутат Бакасов Адахан Мадумаровдун тарапташтарына кайрылып “Мадумаров кыргыз элинин кызыкчылыгына тоскоол болуп жаткан жокпу?” деп суроо салган. 

Башкача айтканда, депутат Улан Бакасов Адахан Мадумаровдун бүтүндөй проектке каршы болуп жатат деген пикирди эмес, АРИСке каршы болуп депутаттарды үгүттөгөнүн айткан. Ошондой эле ал Мадумаровду Баткен элинин кызыкчылыгын карабай жатканына күнөөлөсө да, факты жана далилдерди эмес өзүнүн оюн айткан.  

Белгилей кетсек АРИС коммерциялык эмес уюму, ири инфраструктуралык жана айыл чарба долбоорлорун чет өлкөдөн келген акчага каржылаган мамлекеттик мекеме. Көбүнчө — жалпы суммасынын 30%дан 90%га чейин — БУУ, Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы жана Германия Өкмөтү сыяктуу эл аралык уюмдар тарабынан каржыланат.  Уюм юридикалык жак статусуна ээ.

Буга чейин уюм  Кыргызстандагы “Таза суу”  боюнча ийгиликсиз  долбоордун бир бөлүгү болгону айтылган эле. 

Жыйынтык:  “Антирейтинг” баракчасы Адахан Мадумаровдун долбоор боюнча айткандарын манипуляциялаган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты