Ачкачылык кармап жаткан Орозайым Нарматованын абалы оорлошуп баса албай калганы айтылды

  • 2 года мурун
Ачкачылык кармап жаткан Орозайым Нарматованын абалы оорлошуп баса албай калганы айтылды

Ачкачылык кармап жаткан Орозайым Нарматованын абалы оорлошуп баса албай калганы айтылды. Бул тууралуу активист Айсулуу Кудайбердиева Нарматованын туугандарына таянып билдирди.

«Бүгүн Орозайым Нарматованы Башкы тергөө башкармалыгына алып чыкканга опер кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагына келишти. Анын абалы оорлошуп, өз алдынча баса албагандыгына байланыштуу Бишкектеги №1 тергөө абагынын кызматкерлери алып чыгышты. Абалы оор болгонуна байланыштуу Башкы тергөө башкармалыгына алып кетишкен эмес.  Бүгүн жактоочусу да жолугушууга барса тергөө кабинетине чыга алган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты