Абитуриенттер үчүн жалпы республикалык тестирлөө үч этапта өткөрүлөт
- 2 года мурун
Абитуриенттер үчүн Жалпы республикалык тестирлөө үч этапта өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2022-2023-окуу жылына жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөөнү уюштуруп, өткөрүү жөнүндөгү тиешелүү буйрукка кол койду. Ага ылайык 2022-жылы абитуриенттер үчүн жалпы республикалык тестирлөө төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт.
I этап: 2022-жылдын 24, 25-майында (23-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
II этап: 2022-жылдын 27, 28-майында (26-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
III этап 2022-жылдын 24, 25-июнунда (23-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).
Соңку III этапта жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтү жылдырылган тестирлөө өткөрүлөт.
Каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 2022-жылдын 23, 26-майда жана 23-июнда тесттик борборлордо кошумча каттоолор жүргүзүлөт.