«Абалы жакшы эмес». Замир Жоошев Атамбаев өзү суранбаса дагы мамлекет ага дарыланганга мүмкүнчүлүк бериши керектигин билдирди

  • 2 года мурун

Жактоочу Замир Жоошев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дарыланганга мамлекет мүмкүнчүлүк бериши керектигин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракасына жазып чыкты.

«Алмазбек Шаршеновичке жолугуп келдим. Абалы жакшы эмес.Ал киши өзү бийликтегилерден «мага дарыланганга мүмкүнчүлүк бергиле» деп сурабаса деле, мамлекет өзү мүмкүнчүлүк бериши керек. Себеби Улуттук кардиология борборунун корутундусуна ылайык Алмазбек Атамбаев кошумча тийишелүү медициналык текшерүүдөн жана дарылануудан өтүүсү зарыл», — деп жазды ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты