Абактагы Мелис Аспеков ооруканага которулду

  • 7 месяцев мурун

Кылмыш-жаза кодексинин эки беренесинин негизинде кармалган активист Мелис Аспеков ооруканага которулду.

Бул маалыматты «Азаттыкка» жаза аткаруу кызматынан ырастады. Маалыматка караганда, Аспеков учурда «дарыгер-кардиологдун сунушу менен Бишкек шаарындагы «Бикард» медициналык клиникасында текшерүүдөн жана дарылоодон өтүп жатат». Анын качан ооруканага которулганы айтылган жок.

Мунун алдында Аспековдун жүрөк оорусу күчөп кеткенине байланыштуу ооруканага жатканын, анын кан басымы көтөрүлүп жатканын уулу Фейсбук баракчасына жазган. Ал атасы эки жыл мурда оор операция болгонун белгилеп, аны үй камагына бошотууну суранган.
ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү” жана “Массалык башаламандыктар” деген беренелери менен айып таккан Аспеков сентябрдын аягында кармалган.

Мунун алдында социалдык түйүндөрдө Аспековго байланыштуу делген аудио жазуу жарыяланган. Бишкектеги Биринчи май райондук сотту аны эки айга камоо чечимин чыгарып, кийин бул мөөнөт 27-январга чейин узартылган.

2022-жылы 23-мартта Биринчи Май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, “Опузалап акча талап кылуу” беренеси боюнча алты, “Алдамчылык” боюнча жалпылап жыйынтыктаганда жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган..

Мелис Аспековдун бул өкүмүнө жана анын баш коргоо чарасына макул болбогондуктан, өкүм Бишкек шаардык сотуна даттанылган, 2022-жылдын 5-июлундагы соттук коллегиясынын чечими менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү күчүндө калтырылган, бирок эркинен ажыратуу мөөнөтү 1 жылга кыскартылып, 6 жылга эркинен ажыратуу менен акыркы жаза белгиленген.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты