Абактагы Азимбек Бекназаров Акаевдин макамы маселеси боюнча билдирүү жасады

  • 2 недели мурун

Абакта жаткан оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров мурдагы президент Аскар Акаевдин экс-президенттик макамы боюнча билдирүү жасады. Анын абактан жазган каты Фейсбук баракчасына жарыяланды.  

Азимбек Бекназаров мындай деп билдирди:

“Менин азыр күтүлбөгөн жерден камакка алынышыма себеп, жакында качкын президент Акаевдин “экс-президент” статусунун Жогорку Кеңеште каралышына байланыштуу экени ачыкталууда. Акаев үчүн “баатыр” үкөм мага жасалма кылмыш иш козгоп, ага эмне күч келди? 2021-жылдын жайында Ташиев атайын пресс-конференция берип “Акаевге издөө жарыялаттым… камайм…” деген. Бүгүн Акаевдин «адвокатына» айланды. Анын ордуна мага окшогон өз оюн, пикирин ачык айтып, жазып укуктук өлкөдө жашагысы келген ондогон саясатчылар, журналисттер, активисттер, ишкерлерди камап отурат.

Урматтуу депутаттар, Акаевдин маселесин кароодо мени да чакырып, бетме-бет отургузуп карасаңар тарыхий адилет чечим болот деп сиздерге кайрылгам. Ошондон кийин дароо камалдым. Мени эмне үчүн камады, өзүм да түшүнбөй отурам. Мени сураган орган, депутат жок. Баары Акаев, Бакиев менен алек. Жок дегенде Убактылуу Өкмөт тарабынан 2010-жылдын август айында Акаевдин кол тийбестиги, экс статусу боюнча кабыл алынган № 120 Декретти окуп, анан добуш берсеңер деп суранам” деди Азимбек Бекназаров абактан жазган билдирүүсүндө.

Азимбек Бекназаров ошондой эле Акаевдин башкаруусу учурунда кетирген кемчиликтерди тизмектеп берген.  

Кечээ, 24-сентябрда, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитетинде Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин экс-президенттик макамын кайтарып берүү боюнча арызы каралды.

Комитет Аскар Акаевдин экс-президенттик макамын кайтаруу боюнча маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды. Комитет парламенттин жалпы жыйынына арызды канаттандыруудан баш тартууну сунуштады.  

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп, Жогорку Кеңешке кат жолдогону белгилүү болгон.

Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Кумтөр кенинин айланасындагы коррупция боюнча Бишкекке алынып келингендигин маалымдаган.

Аскар Акаев Улуттук коопсуздук комитетине “Кумтөр” иши боюнча 2022-жылы Кыргызстанга келип, “Кумтөр” иши боюнча эки жолу жолу сурак берген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 2010-жылдын апрель айында болгон окуялардын жүрүшүндө банк ячейкаларынан жана Өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарын уурдоо жана коротуу фактысы боюнча Азимбек Бекназаровго кылмыш иши козголду.

12-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча сотто сурак берип жүргөн саясатчылардын бири — Азимбек Бекназаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан камакка алынган.  

Сүрөттө: Азимбек Бекназаров. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты