Абактагы активист Мелис Аспеков ооруканага которулганы маалым болду

  • 7 месяцев мурун

Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү” жана “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча айыпталып камакта жаткан активист Мелис Аспеков ооруканага которулду. Бул тууралуу «Азаттык» Жаза аткаруу кызматына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, Аспеков учурда дарыгер-кардиологдун сунушу менен Бишкек шаарындагы «Бикард» медициналык клиникасында текшерүүдөн жана дарылоодон өтүүдө. Анын качан ооруканага которулганы айтылган жок.

Буга чейин Аспековдун жүрөк оорусу күчөп кеткенине байланыштуу ооруканага жатканын, анын кан басымы көтөрүлүп жатканын уулу Фейсбук баракчасына жазган. Ал атасы эки жыл мурда оор операция болгонун белгилеп, аны үй камагына бошотууну суранган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты