Аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн
- 8 месяцев мурун
Аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-15-март күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү мүмкүн. 13 мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
13 мартта күндүз жана 14-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай суук аба-ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.