Аба-ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт

  • 6 месяцев мурун

Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, 26-январда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз -3…+2, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5 градус суук болушу ыктымал.

Өлкөнүн түштүгүндө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкү абанын табы -2…+3, күндүз +3…+8 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Термометрдин көрсөткүчү түнкүсүн 1…-3, күндүз 0…-2 градуска жетет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты