Аба-ырайы: Бишкекте 36 градуска чейин ысык күтүлөт
- 1 год мурун
Бүгүн, 16-июлда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;
Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 30…35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 29…34 градуска жетет.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 34…36 градус болот.
Сүрөттө: Бишкек. 14-июль. Эркиндик бульвары саргайып баратат.
Муну бөлүшүү