Аба ырайы: аймактарда кар жаайт

  • 7 месяцев мурун

Кыргызгидромет борбору 6-январга карата аба ырайын жарыялады. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарында болсо жаан-чачын болбойт.

Кененирээк:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 7…12, Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7, Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17…-22, күндүз -2…-7 градус болот. Бишкекте күндүз бир аз жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 10…12° болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты