АӨБ: Тажикстандын экономикасынын өсүшү төмөндөйт

  • 2 года мурун

Тажикстандын экономикалык өсүшү 2022-жылы Орусиядагы каатчылыкка байланыштуу жайлап, 2023-жылы бир аз калыбына келет. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкы билдирди.

Банктын эксперттеринин божомолу боюнча, 2021-жылдагы 9,2 пайыз өсүштөн кийин Тажикстандын ички дүң өнүмү быйыл эки пайызга төмөндөйт. 2023-жылы өсүш 3 пайызды түзөт.

Банктын талдоосуна караганда, былтыр инфляция 8% болсо, быйыл 15% чейин жетет. Рубль менен кошо улуттук валюта – сомонинин кунунун түшүшү, күйүүчү май менен импорттолгон азык-түлүктүн кымбатташы инфляцияга таасирин тийгизүүдө.

Азия өнүктүрүү банкы Тажикстандын ири каржы донору болуп эсептелет. 1998-жылдан бери банк өлкөгө 2,2 миллиард доллар, анын ичинде 1,6 миллиард долларын грант түрүндө берген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты