Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы өттү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 14-апрелде Бишкек шаарында Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстан Республикасынын премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков катышты.

Акылбек Жапаров Кыргызстан эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатууга кызыкдар экенин белгилеп, кыргыз-өзбек чек арасына жакын аймакта логистикалык борборлорду куруу боюнча долбоорлорлор активдүү ишке ашырылып жатканын билдирди:

«Кызыл-Кыя шаарындагы Фергана жана Баткен облустарын байланыштырган соода-логистикалык борборду курууга жана ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Аталган соода-логистикалык борборду ишке киргизүү өлкөлөр ортосундагы экспорттук-импорттук операцияларды өнүктүрүүгө чоң түрткү берет деп ишенем».

Өкмөт башчысы Кыргызстан Өзбекстанга цемент, көмүр, картошка, эт, сүт жана сүт азыктарын жеткирүүнү камсыздоого жана анын көлөмүн жогорулатууга даяр экенин кошумчалады. Мындан тышкары ал Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн натыйжалуу аянтча катары жаңы биргелешкен ишканаларды ачууга өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди:

«Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду өз ара пайдалуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн натыйжалуу аянтча катары бизнес субъекттеринин түз байланышын чыңдоого чоң салым кошуп, ошондой эле жаңы биргелешкен ишканаларды ачууга өбөлгө түзөт деп ишенем».

Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 50 млн АКШ долларын түзөт. Келечекте бул сумманы 200 млн долларга жеткирүү пландалууда.

Уюмдун штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты