Чукул билдирүү: Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн
- 1 год мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Синоптиктердин айтымына караганда, 23-24-декабрь күндөрү жаан чачын катуу жаап, шамал болушу ыктымал. Ага байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн.
Тактап айтканда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Муну бөлүшүү