Кыргызстандын ЖОЖдорунда билим алган 75 студентке президенттик стипендия тапшырылды

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 23-декабрда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алган 75 мыкты студент президенттик стипендияга ээ болду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Сыйлоо аземине президент Садыр Жапаров катышып, куттуктоо сөзүн айтты. Ал өз сөзүндө өлкө жетекчилиги мындан ары да мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошот деп үмүт арткан жигердүү, демилгелүү, аракетчил, мекенчил жаштарды колдоого даяр экенин билдирди.

Асыл таштан, акыл жаштан” деген жакшы кеп бар элибизде. Мен замандын күрөө тамырын кармай билген, дүйнө жүзү кайда багыт алганын талдай билген коомдун сергек катмары дал ушул зирек студенттер деп билем! Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган, ата салты менен нарк-насилин барктаган, билимге сугарылган, Мекенин сүйгөн жаштар — биздин келечегибиз деп ишенимдүү айта алам» — деди Жапаров.

Мамлекет башчысы билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурууга басым жасоо зарылдыгын белгилеп, бул багытта туруктуу иш-аракеттерди камтыган комплекстүү иштерди жүргүзүүнү колдоп келе жатканын айтты. Ал жаштардын өнүгүүсүнө шарт түзүп берүү максатында “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын уюштурушканын кошумчалап, анын алкагында ондон ашык адам чет өлкөдө билим алып жатканын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты