Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын 11,88 чакырымы боюнча макулдашты

  • 7 месяцев мурун

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топтору чек аранын 11,88 чакырымы боюнча макулдашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жумушчу топтун кезектеги жолугушуусу Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында 2023-жылдын 17-декабрынан 23-декабрына чейин өткөн. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлган.

Өкмөттүн маалыматында тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантары айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты