Кыргызстанда 21-сентябрь Жусуп Баласагын күнү деп бекитилди

  • 7 месяцев мурун

Кыргызстанда 21-сентябрь Жусуп Баласагын күнү деп бекитилди. Мындай чечим 22-декабрда Министрлер кабинетинин жыл жыйынтыктоочу жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Залкар ойчул Жусуп Баласагындын чыгармачылыгын сактоо, өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу максатында 21-сентябрь Кыргызстанда жыл сайын белгиленүүчү Жусуп Баласагын күнү деп белгиленген чечим кабыл алынды«, — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жыл жыйынтыгын чыгарган отурумда министрлер кабинетинин мүчөлөрү 18 маселени карашты. Анын жүрүшүндө министрлер кабинетинин 2024-жылга карата иш планы бекитилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты