Түркиянын Элазык шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылды

  • 7 месяцев мурун

Түркиянын Элазык шаарында Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, жазуучу жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун аты ыйгарылган сейил бак ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Сейил бактын жана Айтматовдун урматына орнотулган монументтин салтанаттуу ачылышына Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Элазык шаарынын облустук жана шаардык бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышкан.

Белгиленгендей, иш-чара Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган.

Долбоор Кыргызстандын жараны, Түркиянын Малатия шаарындагы Исмет Инону университетинин профессору Закир Азизов менен Элазыктагы “Манас” басмасынын башкы координатору Шенер Булут тарабынан демилгеленип, Элазык аймагынын губернаторлугунун жана шаар мэриясынын, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жана Кыргызстандын элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты