Трамп мусулман лидерлерин экстремизмди жоюуга чакырды

Трамп мусулман лидерлерин экстремизмди жоюуга чакырдыАКШ президенти Дональд Трамп 50дөн ашуун мусулман өлкөлөрүнүн  лидерлерине кайрылып, Жакынкы Чыгышта “экстремизмди жоюу” максаты менен «мамлекеттердин коалициясын» куроого үндөдү. АКШ президенти мындай чакырыкты Эр- Риядда, Араб — Америка саммитинде сүйлөгөн учурунда жасады.

АКШ президенти убада кылгандай, алар “өз жашоо образын башкаларга таңуулабайт, бирок ишеним жана кызматташтык духунда башкаларга кол сунмакчы».

“Бул — түрдүү диндер, секталар же цивилизациялар ортосундагы күрөш эмес, адам өмүрүн кыйууга умтулган варвар кылмышкерлер менен аны сактоону көздөгөн ак ниетүү адамдар ортосундагы күрөш. Бул- жамандык менен жакшылыктын” ортосундагы күрөш”,- деди Трамп.

Дональд Трамп АКШ президенти катары алгачкы чет элдик сапарынын алкагында Сауд Арабияга ишемби күнү келген. Араб — Америка саммити визиттин экинчи күнүндө өттү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты