Дастан Бекешов кармалгандарды багууга мамлекет 300 млн сом жумшаарын айтты

Дастан Бекешов кармалгандарды багууга  мамлекет 300 млн сом жумшаарын айттыТигил же бул кылмыш боюнча кармалгандарды багууга мамлекет жылына 300 млн сом жумшайт.

Бул тууралуу ЖК депутаты Дастан Бекешов парламенттин укук коргоо, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы туруу комитетинин жыйынында билдирди.

Кармалгандарды багууга Жаза аткаруу кызматы жылына 200  млн сом коротот. Дагы жылына 100 млн сомду Улуттук Коопсуздук комитети жумшайт.

Депутат Бекешов экономикалык кылмыштар боюнча  күрөө тууралуу айтуу керек, эгер күрөөсү жок болсо, сыртка чыкпай туруу  кепилдиги тууралуу тил кат берсин деп билдирди.

Сүрөтү: Интернеттен.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты