Бурулайдын өлүмү боюнча Марс Бөдөшев 20 жылга соттолду

Марс Бөдөшев 20 жылга камалды.

Марс Бөдшшев

Бурулай Турдалы кызынын өлүмү боюнча Марс Бөдөшев 20 жылга, Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыратылды. 

Борбор шаардын Свердлов районунда 11-декабрда Бурулай Турдалы кызын ала качуу жана өлтүрүү боюнча сот иши аягына чыкты.

Сот (судья Санжар Чотонов)  Кылмыш Кодексинин 155-жана 97-беренеси, ала качуу жана киши өлтүрүү боюнча Марс Бөдөшевди 20 жылга эркинен ажыратуу тууралуу чечим кабыл алды.   Анын үй-мүлкү конфискацияланып, күчөтүлгөн тартиптеги абакка камалат. Мындан тышкары Бурулайдын жакындарына 800 миң сом төлөп берет

Ал эми кыз ала качууга ага жардам берген өнөктөшү Акмат Сейитовду сот 7 жылга эркинен ажыратты.

Марс Бөдөшев Бурулайды анын макулдугу менен алып качканын, бирок өлтүргөнүн эстей албаганын билдирди.

19 жаштагы Бурулай Турдаалы кызын 30 жаштагы Марс Бөдөшев ала качып жана милиция артка чакырганда кайтып келген. Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында Бурулай бычак менен сайып өлтүрүлгөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты