Министр “Тез жет” авикомпаниясы жабылышы мүмкүн экенин айтты

Министр “Тез жет” авикомпаниясы жабылышы мүмкүн экенин айттыТранспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитет жыйынында «Тез жет» авиакомпаниясы жабылып калаары тууралуу билдирди. 

Министрдин айтымында, Кыргызстандын учактарынын эскилиги жеткен, жаӊысы жок болгондуктан, аларды алмаштырууга мүмкүн эмес, ошондон улам авиакаттамдар кармалып калууда.

«Жыл аягына чейин «Тез Жет» авиакомпаниясын жабуу жөнүндө сунуш бар. Эгер андай болсо, биз ички каттамдарды эле эмес, тышкы каттамдарды да тейлей албай калабыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, «Эйр Кыргызстан» компаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов, ал эми ээси Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду болуп саналат.

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты