Инвестициялык эки долбоор жактырылды

Инвестициялык эки долбоор жактырылды

Кеңештин жыйыны учурунда.

Өкмөттүн Фискалдык жана инвестициялык саясат кеңешинин жыйыны, бүгүн, 11-декабрда өттү.

Жыйында төрт долбоор каралды. Алар:

1.Үч-Коргон ГЭСин капиталдык реконструкциялоо;

2.Ысык-Көл облусунун тазалоо курулуштарын модернизациялоо;

3.Суу ресурстарынын климаттык өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу;

4.Камбар-Ата ГЭС-2 иштетүүнүн коопсуздугун жогорулатууга багытталган инвестициялык долбоорлор.

Төрт долбоордун ичинен экөөнү жактыруу, калгандарын айтылган сунуштар менен эскертүүлөрдү эске алып кайра иштеп чыгууга кайтаруу чечими кабыл алынды.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүкү.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты