Францияда өзгөчө абал киргизилди

Францияда өзгөчө абал киргизилди

Францияда социалдык жана экономикалык жагынан өзгөчө абал киргизилди.

Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануил Макрон жарыя кылганын BFMTVга шилтеме берип, Лента Ру 10-декабрда билдирди.

Президент элди токтоолукка чакырды жана демонстранттардын талабы туура коюлгандыгын билдирди.

2019-жылдан баштап өлкөдө минималдык айлык акы 100 еврого көтөрүлөрүн, сыйлыктан салык алынбай турганын кабарлады.

Макрон Францияда ири ишканалар менен бардар адамдар өлкөгө кризистен чыгууга  жардам көрсөтүшү керектигин белгиледи.

Францияда эл октябрдын орто ченинен бери каршылык акциясына чыгууда. Адегенде бул акция бензиндин кымбатташынан улам чыккан.

Калктын каршылыгынан улам өлкөнүн экономикасынын өсүү темпи азайып, каршылык акциясы бир миллиард евро чыгымга алып келгени айтылууда.

Сүрөт: Интернеттен.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты