Жалал-Абадда мыйзамсыз спирт ичимдиктерин даярдаган эки жай аныкталды 

  • 8 месяцев мурун

Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз спирт ичимдиктерин даярдаган эки жай аныкталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милицияга Сузак районунун аймагында эки жаран талапка жооп бербеген спирт жана спирт кошулган ичимдиктерди сатуу жана сактоо максатында мыйзамсыз өндүрүп жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренесинин (Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, Сузак айыл аймагынын Благовещенко айылынын эки тургуну 43 жаштагы М.М. жана 37 жаштагы М.Б. шектүү экени аныкталган.

Шектүүлөрдүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 100 литр этил спирти, 25 бөтөлкө колдо жасалган ар түрдүү маркадагы арак, 10 бөтөлкө «Бишкек» аталышындагы коньяк, 1 литр коньяк кошулмасы, 300 даана арак жана коньяктын этикеткалары жабыштырылган бөтөлкөлөр, бөтөлкөлөргө жабыштырылуучу этикеткалар, акциз маркалары, пробкалар табылган.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты