Алмазбек Атамбаев: «Бабановдун иши жабылыш керек»

Алмазбек Атамбаев: "Бабановдун иши жабылыш керек"Мурдагы -президент Алмазбек Атамбаев 2018-жылдын 10-декабрында «Апрель» телеканалынын кабарчысы Канат Каниметовго интервью берип, президенттик шайлоодо талапкер болгон Өмүрбек Бабанов тууралуу айтып, ага ачылган кылмыш иштери жабылыш керектигин билдирди.

Өмүрбек Бабановдун шайлоо учурундагы сөздөрүндө улуттар аралык кастыкты күчөтүү тууралуу ою болбогонун иш жүзүндө далилдегенин белгиледи.

«Чындыгында Бабановдун иштери жабылыш керек. Бабановго рахмат айтыш керек. Бир жылда бир нерсе кылдыбы, айттыбы? Ынтымакты, тынчтыкты бузуш үчүн бир аракет кылдыбы? Менин сөзүмө, Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө ишенип, алданып калды, ачыгын айтканда. Ошондуктан мен дагы өзүмдү ыңгайсыз сезип атам”,-деди Атамбаев.

Бабановго шайлоо учурундагы үгүт убагында улуттар аралык кастыкты козутту деп кылмыш иши козголгон.

Сүрөт: Интернеттен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты