Алмазбек Атамбаев: “Менин эң чоң адашканым президенттик шайлоо болду окшойт”

Алмазбек Атамбаев: “Менин эң чоң адашканым президенттик шайлоо болду окшойт”Экс-президент Алмазбек Атамбаев 10-декабрда «Апрель” телеканалынын кабарчысы Канат Каниметов менен маек курду. 

Ал  президенттик жылдарында өзгөчө кадрлар, адам, дос тандоо жагынан жаңылган учурлары болгонун белгиледи.

«Адамдын ичин көрө албайт экенмин. Кыргыздын макалы бар го: «Жыландын аласы-тышында, адамдын аласы – ичинде» деген. Көп ката кылдым, көп адаштым. Бирок бир нерсе айтат элем, мен кандай кылсам да, эмне кылсам да, президент катары элим-жерим деп иштеп аттым.

Бирок, менин эң чоң адашканым президенттик шайлоо болду окшойт.  Азыр мага өз айылыман баштап, Баткен, Жалал-Абад, Көл, Таласка чейин бир топ региондордон адамдар келип жатат. Алар эң негизги нааразычылыгы — сага ишенип, президенттикке көрсөткөн адамыңды колдосок, ушундай болуп атат, өзүнө каршы иштеген Байсалов, Тербишалиев сыяктууларды көтөрүп, бизге мындай кордук кылып атат,  деп таарынычтарын, армандарын айтып жатышат.

Албетте, мен бул сөздөрдү угуп, абдан кайгырып, өкүнүп атам. Ошондуктан, элимден бул катачылык үчүн, адашканым үчүн кечирим сурайм. Буюрса, мезгил бардыгын өз ордуна коет», -деди Атамбаев.

Сүрөт: КР Президентинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты