Хашим Зайналиевге кылмыш иши козголду

Хашим Зайналиевге кылмыш иши козголдуБишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы элдик табып Хашим Зайналиевге кылмыш иши козголгондугун билдирди. 
Табып Зайналиевге Кылмыш-Жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүгү, мыйзамсыз дарыгерлик кылуу беренеси менен кылмыш иши козголду.
Кылмыш козгоого Көк- Жар жаңы конушунда 5 жашар кыздын көз жумганы себеп болгон.
Ал кызга Ош шаарынын врачтары кандын рагы деп диагноз коюп, Бишкекке жиберген. Бишкектеги онкология борборунан сунушталган химиятерапиядан кыздын жакындары баш тартып, Зайналиевге дарылаткан. Ал кыз дарттын айынан бир жумадан кийин көз жумган.

Медициналык билими жок табып буга чейин  онкологиялык дартка чалдыккандарды өз алдынча дарылап, коомчулуктун сынына кабылган. «ПолитКлиника» медиасы да бул тууралуу жазган.

Шилтемеде: 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты