Бажы кызматынын экс-башчысы Адамкул Жунусов Азербайжандан кармалды

Бажы кызматынын  экс-башчысы Адамкул Жунусов Азербайжандан кармалдыАзербайжандын сот органдары Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовду кармаганын  КР Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Жунусовду азербайжандыктар сот иштери аяктагандан кийин Кыргызстанга жөнөтөрүн билдирген.

Жунусов өлкөдөн АКШга качкан. Андан кийин декабрдын башында Баку шаарынын аэропортунан токтотулган. Азербайжандыктар  аны эл аралык издөө тизмесинде жүргөнүнөн улам кармаган.

Жунусов 2018-жылы КР Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан издөөгө алынган. Ал кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси боюнча шектелет. 2013-2016-жылдары жетекчилик кызматта коррупциялык схемаларды түзүп, мамлекетке 166 млн ашык сом чыгым кылган деп эсептелүүдө.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты