Бурулайдын өлүмүнө шектүү Марс Бөдөшевди өмүр бою эркинен ажыратууну адвокаттар суранып жатат

Бүгүн, 10-декабрда, Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда 19 жашар Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча соттук териштирүү иштери уланып жатат.

Бурулайдын өлүмүнө шектүү Марс Бөдөшевди өмүр бою эркинен ажыратууну адвокаттар суранып жатат

Жабырлануучу тараптын адвокаттары Эсения Рамазанова менен Назира Абдумуминова кызды өлтүрдү деп шектелип жаткан Марс Бөдөшевди өмүр бою эркинен ажыратууну суранып жатышат.

“Марс Бөдөшев күнөөсүн мойнуна алган жок. Ал керек болсо кыздын жакындарынан кечирим сурап да койгон жок. Прокурор 23 гана жылга кесүүнү сурап жатат. Биз муну аз деп эсептейбиз”,-деди Назира Абдумуминова.

Ошондой эле Бурулайды ала качууга жардам берген Акмат Сеитов тергөө учурунда күнөөсүн толук мойнуна алган, бирок сотто көрсөтмөсүн өзгөртүп жатканын адвокат белгиледи.

“Акмат Сеитов адам уурдоо боюнча күнөлүү. Биз аны адам өлтүрүү боюнча күнөөлөп жаткан жокпуз. Бирок, ал ала качууга жардам бербегенде, балким, адам өлтүрүлмөк эмес. Андыктан, ал күнөөсүн мойнуна албай, жазадан качуу аракетин жасап жтат. Аны 7 жылга эркинен ажыратууну суранам”, — деди адвокат.

Эске сала кетсек, Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. Шектүү Марс Бөдөшев сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алган жок.

(Сүрөт интернеттен алынды)

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты